Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Биржа наркы

БИРЖА НАРКЫ – биржадагы баалуу кагаздардын (акциянын, облигациянын) сатык баасы. Б. н. дивиденд көлөмү менен ссуда пайызынын өлчөмүнө түздөнтүз көзкаранды. Акция чыгарган ишканалар сатып алалбагандыктан, акциянын шарттуу баасы Б. н-на таасир этпейт. Облигациянын Б. н. шарттуу баага көзкаранды, анткени сатып алуу мөөнөтү чукулдаган сайын, баасы ошончолук көтөрүлөт. Жөнөкөй акциянын Б. н. башкаларга караганда (облигация наркы менен артыкчылык берилген акцияларга караганда) аргандай өзгөрүүлөрдүн таасири астында болот, себеби киреше деңгээлин алдынала аныктоого мүмкүн эмес.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: